Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-ноябры № 14
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын катын кароо жөнүндө
Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылда өтүүчү Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоого карата мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шайлоо участкаларына пандустарды орнотуу боюнча катын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын каты эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү шайлоо участкаларына мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн пандустарды орнотууга керектелүүчү акча каражаты 2020-жылдын бюджетинен каралып,тиешелүү акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Бегалиев |
|