Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-ноябры № 15
“Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын кайрылуусу жөнүндө
“Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын жаны сатылып алынган боз үйдүн ижара акысын бекитүү, Каныш-Кыя айылындагы көчө жарыгын оңдоого каражат бөлүп берүү жана үнөмдөлгөн каражаттан ишканага портер автоунаасын сатып алууга уруксат сураган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө жаңы сатылып алынган боз үйдү бардык жасалгалары менен “Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасына өткөрүлүп берилсин жана боз үйдүн абалынын сакталышына көзөмөл кылуу ишкана жетекчисине жүктөлсүн, башка мекемелерге ижарага берүү акысы 1(бир) күнгө 5000 (беш миң)сом өлчөмүндө бекитилип берилсин.
3.”Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын 2019-жылдын сметасында каралган акча каражатынан үнөмдөлгөн акча каражаттар эсебинен Каныш-Кыя айылындагы көчө жарыгын (1,7 км) оңдоодон өткөрүүгө 104570 сом акча каражатын пайдаланууга жана ишкананын керектөөсү үчүн портер автоунаасын сатып алууга 580000(беш жүз сексен мин ) сом акча каражатын 2111 статьясынан 3112 статьясына которууга уруксат берилсин.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Бегалиев |
|