Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-ноябры № 16
Жайыт комитетинин кайрылуусу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин дан эгиндерине бааны бекитип берүү жана атайын техникасынын(погрузчик) айдоочусу штатын кошуп берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин кайрылуусу эске алынсын.
2. Жайыт комитетине 20 га жер аянтынан түшүрүлгөн дан эгиндерин сатыкка чыгаруу үчүн арпанын баасы 13(он үч) сомдон бекитилип берилсин.
3. Жайыт комитетине сатылып келинген атайын техникасын (погрузчик)айдоого бир айдоочу штаттык бирдиги,эмгек акысы 14000(он төрт миң )сом өлчөмүндө сентябрь айынан баштап бекитилип берилсин жана жыл ичинде аткарылган иштери,салык төлөмдөрүнүн топтолушу боюнча маалымат берүү кийинки сессияга кароого калтырылсын.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Бегалиев |
|