Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-ноябры № 23
Долбоор сунуштоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кайын-Суу орто мектебинин авариялык абалга келгендигине байланыштуу окуучулардын коопсуздугун сактоо максатында Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кайын-Суу орто мектебинин авариялык абалда экендиги эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Кайын-Суу орто мектебинин курулушу боюнча түзүлгөн сметалык долбоору Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик
администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Бегалиев |
|