КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
2019-жылдын 1-ноябры № 24
Маршруттук унаа уюштуруу жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Каныш-Кыя айылынын Жер-Капчыгай участкасында жана Айгыр-Жал айылындагы Кара-Булак участкаларындагы мектеп окуучулары жана бала бакчага баруучу балдарды жеткирүү кыйынчылыктары болуп жаткандыктан, маршруттук унаа уюштуруу максатында Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Каныш-Кыя айылынын Жер-Капчыгай участкасынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы Жер-Капчыгай жана Кара-Булак участкаларындагы балдардын мектепке бала бакчага баруусуна шарт түзүү максатында маршруттук унааларды уюштуруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик
администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Бегалиев |
|