Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-ноябры № 25
Кошумча түшкөн акча каражатын тармактарга бөлүштүрүү жөнүндө
Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9 айына карата жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөргө жалпысынан 12209,3 миң сомго кошумча план берилген. Мындан киреше салыгына 14,1 миң сомго, патенттин негизинде салыкка 21,6 миң сом, кыймылсыз мүлк салыгынын 2 тобуна 19,6 миң сомго, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгына 56,6 миң сомго, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыга 11100,7 миң сомго, жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акыга 0,1 миң сом жана жергиликтүү маанидеги инфраструктураны кармоого жана өркүндөтүүгө болгон тълъмгъ 1000,0 миң сомго кошумча берилген планды бекитип берүүгө жана чыгымдоо боюнча айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9 айына карата жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөргө жалпысынан 12209,3 миң сомго кошумча план берилген. Мындан киреше салыгына 14,1 миң сомго, патенттин негизинде салыкка 21,6 ми сом, кыймылсыз мүлк салыгынын 2 тобуна 19,6 миё сомго, калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгына 56,6 миң сомго, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн акыга 11100,7 миң сомго, жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акыга 0,1 миң сом жана жергиликтүү маанидеги инфраструктураны кармоого жана өркүндөтүүгө болгон төлөмгө 1000,0 миң сомго кошумча берилген план бекитилсин.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 9 айына карата жергиликтүү салыктык жана салыктык эмес төлөмдөргө жалпысынан 12209,3 миң сомго кошмча түшкөн акча каражаты № 1 тиркемеге ылайык өз багытында төмөндөгүдөй максатта жумшалсын:
-Башкаруу аппаратына 22154900 статьясына 1130,1 миң сом, 22221200 статьясына 136,7 сом, 28241100 статьясына 122,1 миң сом, 3111 статьясына 10123,0 миң сом.
-Бала бакчаларга 22154900 статьясына 100,0 миң сом, 22221100 статьясына 177,4 миң сом, 3112 статьясына 20,0 миң сом.
-Толук орто мектептерге 22221100 статьясына 300,0 миң сом, 3112 статьясына 20,0 миң сом.
-Толук эмес орто мектептерге 3112 статьясына 50,0 миң сом акча
каражаты жумшалсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик
администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин финансы-экономика жана бюджет боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Бегалиев |
|