Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 1-ноябры № 26
Долбоор сунуштоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Чаткал райондук ЖДПБнын директорунун оорукананын ремонт иштериндеги айрым сметага кирбей калган бөлүктөрүн каржылоо боюнча долбоорун Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунуштап берүү жөнүндөгү кайрылуусунун негизинде түзүлгөн комиссиянын актысын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХII сессиясы
Токтом кылат:
1. Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборунун директорунун кайрылуусу жана түзулгөн комиссиянын актысы эске алынсын.
2. Чаткал райондук ЖДПБнын директорунун оорукананын ремонт иштериндеги айрым сметага кирбей калган бөлүктөрүн каржылоо боюнча түзүлгөн комиссиянын сунушу менен сметалык баасы 358,107(үч жүз элүү сегиз миң бир жүз жети)сомдук долбоору Чаткал райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик
администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Ж.Бегалиев |
|