Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-ноябры №115
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салык тармагындагы укуктук мамилелер боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө Типтүү Келишимди бекитүү жөнүндө
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салык тармагындагы укуктук мамилелер боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү боюнча Типтүү Келишимге өзгөртүү киргизилгендигине байланыштуу Кара-Бак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 2019-жылдын 27-июнундагы кезексиз XXXIV сессиясынын №60 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын 2019-жылдын 27-июнундагы кезексиз XXXIV сессиясынын №60 токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына салык тармагындагы укуктук мамилелер боюнча ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө Типтүү Келишим бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жана айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Курбановго милдеттендирилсин.
Кеңешинин төрагасы: |
А.Каламбеков |
|