Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 120
Кара-Бак айыл өкмөтүнө айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 20-беренесине жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, Мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиянын баяндамасында сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кара-Бак айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү жөнүндө келишим №1 тиркемеге ылайык бекитилсин жана келишим 2020-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды Кара-Бак айыл өкмөт аймагында аткаруу милдетине айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Мамазакирова Назгүл Мамазакировна бекитилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана аткаруу жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Т.Матурайымовго милдеттендирилсин.
Кеңешинин төрагасы: |
А.Каламбеков |
|