Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 8-январы №1
Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кенешинин алдында түзүлгөн эсептөө комиссиянын протоколунун негизинде Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезектеги I сессиясы
Токтом кылат
1. Баткен райондук аймактык шайлоо комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кенешинин жалпы депутаттарынын көпчүлүк добушуна ээ болгон Каламбеков Абдикарим Саалыевич Кара-Бак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайлансын.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Баткен аймактык шайлоо комиссиясына жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Өткөрүлгөн шайлоонун жыйынтыгы массалык маалыматтар каражаттарына жарыялансын.
Кеңешинин төрагасы: |
А.Каламбеков |
|