Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-январы № 7
Кара-Бак айылдык кенешинин депутаты Надирова Мастуранын Ш.Саидов жана Амирабай уулу Жыргалбектин депутаттык мандаттарын токтотуу сунушун кароо жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаты М.Надированын берген сунушун угуп жана талкуулап Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаты М.Надированын Ш.Саидов жана Амирабай уулу Жыргалбектин депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча сунушу КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүмүнүн 10-бөлүмчөсүнүн негизинде жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндөгү сунушу 24-берененин 6-бөлүмүнө таянып, жалпы депутаттардын көпчүлүк добушу менен колдоо таппай кабыл алынбаганы белгиленсин.
2. КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 24-беренесинин 7-бөлүмүнүн 3-бөлүмчөсүнүн негизинде жүйөлүү себебтер менен сессияга катышпаганы белгиленсин.
3. Ушул токтомдун көчүрмөсү Баткен аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кеңешинин төрагасы: |
А.Айдаров |
|