КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Бак айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2020-жылдын 13-январы № 8
Кара-Бак айылдык кеңешинин катчылык кызматын жана кеңештин төрагасы кызматын кароо жөнүндө
Кара-Бак айылдык кеңешинине КРӨ караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамелелер боюнча мамлекеттик агентигинен 31.12.2019-жылы келген №01-25/457 сандуу катынын негизинде Кара-Бак айылдык кенешинин VI чакырылышынын кезексиз II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 37-беренелерине таянып айылдык кеңешке жооптуу катчы кызматы штаттык бирдигине жарыя берүү жагы айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлсүн.
2. КР 2019-жылдын 8-августундагы N 115 Мыйзамы менен киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде КРнын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 35-37-беренелерине таянып айыл өкмөтүнүн бюджетине айылдык кеңештин төрагасына 2020-жылдын 1-июлунан тартып жана кеңештин жооптуу катчысына 2020-жылдын 1-январынан тартып айлык маяналарын эсептеп киргизүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын .
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Кеңешинин төрагасы: |
А.Айдаров |
|