Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-январы № 9
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 26-ноябрындагы №86 токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө.
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2020-жылга карата такталган бюджетине өзгөртүү киргизип, бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2020-жылга карата такталган бюджети төмөнкүдөй тартипте бекитилсин.
2. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2020-жылга карата 21791,6 миң сом болуп бекитилген бюджетинин жалпы киреше бөлүгүнө 386,5 сом кошулуп бюджеттин жалпы киреше бөлүгү 22178,1 миң сом болуп бекитилсин.
3.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2020-жылга карата 10432,5 миң сом болуп бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнө 262,7 миң сом кошулуп жергиликтүү бюджеттин жалпы суммасы 10695,2 миң сом болуп бекитилсин.
4.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2020-жылга карата жергиликтүү бюджетине, Республикалык бюджетинен түшүүчү тендөөчү гранттын суммасы 11359,1 миң сом болуп жергиликтүү бюджетине, Республикалык бюджетинен кошумча 123,8 миң сом кошулуп жалпы 11482,9 миң сом болуп бекитилсин.
5.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2021-жылга карата болжолдуу бюджетинин жалпы киреше бөлүгү 22485,3 миң сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 22485,3 болуп бекитилсин.
6.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2022-жылга карата болжолдуу бюджетинин жалпы киреше бөлүгү 22845,2 миң сомго, ал эми чыгаша бөлүгү 22845,2 миң сом болуп бекитилсин.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин.
Кеңешинин төрагасы: |
А.Айдаров |
|