Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 154-27
Аламүдүн айыл аймагында катуу турмуш-тиричилик калдыктарын жана таштандыны жыйноону жана ташып кетүүнү уюштуруу жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу
“Аламүдүн айыл аймагында катуу турмуш-тиричилик калдыктарын жана таштандыны жыйноону жана ташып кетүүнү уюштуруу жөнүндө” эреженин долбоорун карап чыгып жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 133-27 “Көрктөндүрүүнү, тазалыкты жана тартипти камсыз кылуу боюнча эрежелерди бекитүү жөнүндө” токтомуна, Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 116-27 “Аламүдүн айыл аймагында турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана керектен чыгарууну уюштуруу” жергиликтүү маанидеги маселени ишке ашыруу тартиби жөнүндө” жобону бекитүү тууралуу” токтомунуна ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18, 31-беренесинин негизинде Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. “Аламүдүн айыл аймагында катуу турмуш-тиричилик калдыктарын жана таштандыны жыйноону жана ташып кетүүнү уюштуруу жөнүндө” эреже бекитилсин.
2. Ушул токтом тиркемеси менен Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2020-жылдын 23-мартындагы
№ 154-27 токтому менен бекитилди
Аламүдүн айыл аймагында катуу турмуш-тиричилик калдыктарын жана таштандыны жыйноону жана ташып кетүүнү уюштуруу жөнүндө ЭРЕЖЕ
I. Жалпы жоболор
1. Ушул Аламүдүн айыл аймагында катуу турмуш-тиричилик калдыктарын жана таштандыны жыйноону жана ташып кетүүнү уюштуруу жөнүндө эреже (мындан ары - Эреже) Аламүдүн айыл аймагында катуу турмуш-тиричилик калдыктарын жана таштандыны жыйноону жана ташып кетүүнү уюштуруу чөйрөсүндөгү аткарууга бирдиктүү жана милдеттүү ченемдерди жана талаптарды белгилейт.
2. Эреже Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын жана башка катуу турмуш-тиричилик калдыктарын жана таштандыны жыйноону жана ташып кетүүнү уюштуруу талаптарын аныктаган ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштелип чыкты.
3. Катуу турмуш-тиричилик калдыктарын жана таштандыны жыйноону жана ташып кетүүнү уюштуруу Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, “Мээнет Аламүдүн” МИге, турак жай-эксплуатациялык уюмдарына, менчик ээлерине, Аламүдүн айыл аймагында жайгашкан жер тилкелеринин имараттардын, курулуштардын жана курулмалардын ээлерине жана пайдалануучуларга жүктөлөт.
II. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар
турмуш-тиричилик калдыктары – катуу жана суюк турмуш-тиричилик калдыктары;
калдыктар (өндүрүштүк жана керектөө) – өндүрүш жана керектөө процессинде пайда болгон чийки заттардын, материалдардын, жарым фабрикаттардын, башка жасалгалардын же азыктардын калдыктары, ошондой эле өзүнүн керектөө касиетин жоготкон, мындан ары пайда болгон же аныкталган жеринде пайдаланылбай турган жана алардын менчик ээси керектен чыгарып жаткан, жок кылуу ниети бар же керектен чыгаруу, зыянсыздандыруу же жайгаштыруу жолу менен жок кылуу керек болгон товарлар (продукциялар);
өндүрүштүн калдыктары – продукцияны өндүрүү же ишти аткаруу процессинде пайда болгон жана өзүнүн керектелүүчү касиетин толук же жарым-жартылай жоготкон материалдардын, чийки заттардын, жарым фабрикаттардын, ошондой эле өндүрүү процессинде пайда болгон жана ушул өндүрүштө пайдаланылбай турган кошо жүрүүчү заттардын калдыгы;
катуу турмуш-тиричилик калдыктары (мындан ары - КТТК) – адамдардын тиричилик аракетинин, анын ичинде тамак-аш даярдоонун, турак жайларды жыйноонун жана оңдоп-түзөөнүн, үйгө жанаша жаткан аймакты жана жалпы пайдалануу жайларын күтүүнүн, турак жайларда үй жаныбарларын жана канаттууларын кармоонун натыйжасында пайда болгон керектөө калдыктары, ошондой эле эскирип, колдонуудан чыгып калган күндөлүк турмушта пайдаланылган үй буюмдары;
таштанды – КТТКны кошкондо, ири көлөмдүү таштандыны, керектөө жана өндүрүштүк калдыктарын кошкондо түрдүү калдык;
турмуш-тиричилик калдыктарын жана таштандыны жыйноо – үй ээлеринен адистештирилген уюм тарабынан турмуш-тиричилик калдыктарын жана таштандыларды андан ары мындай калдыктарды тазалоо, керектен чыгаруу, зыянсыздандыруу, ташуу, жайгаштыруу максатында кабыл алуу же жыйноо;
турмуш-тиричилик калдыктарын жана таштанды жыйноо - турмуш-тиричилик калдыктарын жана таштандыны андан ары керектен чыгаруу, зыянсыздандыруу, жайгаштыруу максатында атайын жабдылган жерлерде убактылуу жыйноо;
турмуш-тиричилик калдыктарын жана таштандыларды ташып кетүү – үй ээсинин менчигинде болгон жер тилкесинин чегинен тышкары жердеги турмуш-тиричилик калдыктарын жана таштандыларды адистештирилген уюмдун транспорттук каражатынын жардамы менен ташып кетүү;
контейнер - КТТКны жана таштандыны чогултуу үчүн стандарттуу идиш;
контейнердик аянтча – зарыл болгон сандагы контейнерлерди орнотуу менен КТТКны жана таштандыны жыйноо жана убактылуу сактоо үчүн атайын жабдылган аянтча;
керектөөчү – адистештирилген уюм менен түзүлгөн келишимдин негизинде КТТКны жыйноо жана ташып кетүү кызматын пайдаланган же пайдалануу ниети бар жеке же юридикалык жак
КТТКны ташып кетүү келишими – керектөөчү менен адистештирилген ишкананын ортосунда КТТКны ташып кетүүгө түзүлгөн жазуу жүзүндөгү макулдашуу;
КТТКны ташып кетүү графиги – жайын (дарегин), көлөмүн жана ташып кетүү убактысын көрсөтүү менен КТТКны ташып кетүү келишиминин курамдык бөлүгү;
үстү-үстүнө үйүлгөн таштанды – өз алдынча (санкцияланбаган) жыйноонун (жайгаштыруунун) же чогултуунун натыйжасында пайда болгон өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарынын үймөгү;
санкцияланбаган таштанды ташталган жер – 50 квадраттык метрден жогору аянтта жана 30 куб метрден жогору көлөмдө өз алдынча (санкцияланбаган) жыйноонун (жайгаштыруунун) же чогултуунун натыйжасында пайда болгон өндүрүштүн жана керектөөнүн калдыктарынын үймөгү.
III. КТТКны жана таштандыны жыйноону жана ташып кетүүнү уюштуруу
4. Аламүдүн айыл аймагында керектөөчүлөрдөн КТТКны жана таштандыны жыйноону жана ташып кетүүнү “Мээнет Аламүдүн” МИ ишке ашырат.
5. КТТКны жана таштандыны жыйноону жана ташып кетүү керектөөчүлөрдүн каражатынын эсебинен “Мээнет Аламүдүн” МИ менен түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашырылат.
6. Аламүдүн айыл аймагында өзүнүн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жеке жана юридикалык жактар, башка чарбакер субъектилер, анын ичинде жеке турак жайлардын, көп кабаттуу турак үйлөрүндө турак жана турак эмес жайлардын ээлери КТТКны ташып кетүүгө келишим түзүүгө милдеттүү.
Жеке жана көп кабаттуу турак үйлөрүндө жашаган жашоочулар менен келишим айкын афертанын негизинде түзүлөт. Төлөө фактысы болуп КТТКны ташып кетүүгө келишимди толук жана айныксыз акцепт (кабыл алуу) саналат. Юридикалык жактар КТТКны ташып кетүүгө түз келишим түзүшөт.
6.1. Келишимде төмөнкүлөр чагылдырылат:
- кызмат көрсөтүүнүн сапаты;
- кызмат көрсөтүүнүн режими;
- төлөө шарты;
- эсептешүү мезгили жана төлөө жүргүзүү мөөнөтү;
- кызмат өз убагында төлөнбөгөнү үчүн туум;
- аткаруучунун жана керектөөчүнүн укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери.
7. КТТКны жана таштандыны жыйноону жана ташып кетүү боюнча тарифтер Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан белгиленет. Көрсөтүлгөн кызматтарды жана алардын төлөмдөрүн эсептешүү мезгили бир айга белгиленет. Көрсөтүлгөн кызмат үчүн төлөм мөөнөтү келишим менен аныкталат.
8. Кызматты накталай жана накталай эмес иретинде төлөө формасы керектөөчү менен “Мээнет Аламүдүн” МИнин ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат. Накталай иретинде төлөө атайын төлөм документинин жардамы менен контролдук-кассалык машиналарды колдонуу менен, же болбосо кириш кассалык ордерине дүмүрчөк берүү аркылуу жүргүзүлөт.
9. Керектөөчүлөр КТТКны жана таштандыны үзгүлтүксүз ташып кетүүнү камсыз кылышы керек.
10. КТТКны жана таштандыны жыйноо жана ташып кетүүнү уюштуруу төмөнкүдөй тутумда ишке ашырылат:
- контейнердик тутум (калдыктар контейнерлерге чогултулат, контейнерлерден таштанды ташуучу унааларга жүктөлөт);
- транспорттук тутум (таштанды ташуучу унаалардын аныкталган объектиге белгиленген күндө жана саатта келүүсү, мында керектөөчү калдыктарды жеке таштанды чогулткучтарынан жүктөйт);
- билдирме тутуму - КТТКны жана таштандыны бир жолку билдирме боюнча ташып кетүү.
11. Контейнерлер атайын жабдылган контейнерлер аянтчасына жайгаштырылат (орнотулат).
Контейнерлер аянтчасы, ошондой эле алардын кирмелери катуу асфальт же бетон каптамасы бар, унаа жүрүүчү жол бөлүгү тарабынын эңкейиши жана атайын автотранспорттун ыңгайлуу кирмеси менен болушу керек.
Контейнерлерди унаа жүрүүчү жол бөлүгүнө, жанжолдорго, көк майсандарга орнотууга тыюу салынат.
Контейнердик аянтчанын жанаша жаткан аймакка таштандынын түшүүсүнө жол бербөө үчүн үч тарабынан бийиктиги 1,5 метрден кем эмес тосмосу болушу керек.
11.1. Контейнердик аянтчалар турак үйлөрүнөн, балдар мекемелеринен, спорт аянтчаларынан жана эс алуу жайларынан алыс 20 метр, бирок 100 метрден кем эмес аралыкта болушу керек.
11.2. Контейнерлер техникалык жактан бузугу жок абалда, сырдалган, ээсинин реквизиттерин, КТТКны жана таштандыны ташып кетүү убактысын көрсөтүү менен маркировкаланган болушу керек.
11.3. Контейнердик аянтчалар дайыма турмуш-тиричиликтик жана ири көлөмдүү таштандыдан тазаланып, таза жана ирээттүү кармалышы керек. Контейнерлер жана алардын алдындагы аянтчалар жуулуп, дезинфекциялоочу каражаттар менен тазаланып турушу керек.
11.4. Контейнерлерден таштанды ташуучу унааларга жүктөөдө чачылган таштандыны жыйноону КТТКны жана таштандыны ташып кетүүнү ишке ашыруучу уюмдун жумушчулары жүргүзөт.
11.5. Курулуш таштандыларын, тараларды, арааланган бактарды, жалбырактарды контейнерлерге жана контейнердик аянтчаларга чогултууга уруксат берилбейт. Мындай калдыктарды ташып кетүү өзүнчө келишим боюнча адистештирилген уюм менен ишке ашырылат.
11.6. Контейнердик аянтчаларды күтүү жоопкерчилиги баланс кармоочуга жүктөлөт.
11.7. Баланс кармоочу төмөнкүлөргө милдеттүү:
- контейнердик аянтчаларды, ошондой эле контейнердик аянтчаларга кирмелерди таза күтүүгө;
- контейнерлерди техникалык жактан бузугу жок абалда күтүүгө;
- контейнерлердин таштандыга толуп кетүүсүнө жол бербөөгө.
12. Транспорттук тутум боюнча КТТКны жана таштандыны жыйноо таштанды полигонуна КТТКны жана таштандыны жыйноону жана ташып кетүүнү ишке ашырган “Мээнет Аламүдүн” МИ тарабынан белгиленген схема жана графикке ылайык иштеген атайын автотранспорт (таштанды ташуучу унаа) жүргүзөт.
12.1. “Мээнет Аламүдүн” МИ КТТКны жана таштандыны жыйноону жана таштанды полигонуна ташып кетүүнү санитардык ченемдердин жана эрежелердин талаптарына ылайык ишке ашырылат. Бул жер үчүн аныкталбаган КТТКны жана таштандыны ташып кетүүгө тыюу салынат.
12.2. “Мээнет Аламүдүн” МИ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- таштанды ташуучу транспорттун кыймылынын маршруттук графигин иштеп чыгууга жана керектөөчүлөрдүн каалоосу боюнча ага түзөтүү киргизүүгө;
- түзүлгөн келишимдерге жана белгиленген графиктерге ылайык КТТКны жана таштандыны өз убагында ташып кетүүнү ишке ашырууга;
- калдыктарды ташуу процессинде алардын түшүп калуу мүмкүндүгүнөн жана курчап турган чөйрөнү булгоодон башка ыкмалар менен ташуу.
13. Бардык көчөлөрдө, тар көчөлөрдө, аянттарда, коомдук транспорттун аялдамаларында, административдик жана коомдук имараттардын, соода объектилеринин, коомдук тамактануу мекемелеринин, мектептердин кире беришинде, балдар аянтчаларында, сейил бактарда, скверлерде, эс алуу зоналарында, билим берүү, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка жалпы эл бара турган жайларда, турак үйлөрүнүн бардык кирмелеринде стандарттык үлгүдөгү урналар орнотулушу керек. Урналарды орнотуу, тазалоо жана оңдоп-түзөө аталган аймакты жыйноо жүктөлгөн уюмдар тарабынан жүргүзүлөт.
13.1. Урналарды зарыл болгондугуна жараша күндүн ичинде, бирок суткасына бир жолудан кем эмес калдыктардын тазалап, ал эми эртең мененки жыйноо учурунда мезгил-мезгили менен (айына 1 жолудан кем эмес) жууп туруу керек.
13.2. Урналарды сырдоо жарым жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүү керек.
14. Көчөлөрдү, аянттарды, парктарды, скверлерди жана башка коомдук жайларды булгоого тыюу салынат. Арык жана коллектордук-дренаждык тармактарга таштандыны шыпырууга жана таштоого, аларга саркынды сууларды төгүүгө тыюу салынат.
15. Таштандыларды, жалбырактарды, тараларды, авто унаа дөңгөлөктөрүн, өндүрүш калдыктарын өрттөөгө, от жагууга, ишканалардын жана жеке үйлөрдүн ички аймагын кошкондо жер тилкелеринин аймагында таштандыны көмүүгө тыюу салынат.
16. Топуракты, таштандыны, төгүлө турган курулуш материалдарын, жеңил тараны, жалбырактарды, арааланган бактарды брезент же жолду булгабай турган башка материал менен жабуусуз ташууга тыюу салынат.
17. Чарбалык ишмердүүлүктүн натыйжасында пайда болгон өнөр жай ишканаларынын өндүрүшүнүн калдыктарын жыйноо жана убактылуу сактоо ушул максаттар үчүн атайын жабдылган жайларда ушул ишканалардын күчү менен ишке ашырылат, алардын жайгашуусу, ошондой эле калдыктарды жайгаштыруу чеги жана аларды сактоо мөөнөтү милдеттүү түрдө “Мээнет Аламүдүн” МИ макулдашылат.
Ишкананын аймагында атайын бөлүнбөгөн жайларга калдыктарды топтоо жана алардын жайгашуусуна болгон чектен ашырууга тыюу салынат.
18. Курулуш же турак жана турак эмес жайларды оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан керектөөчүлөр курулуш калдыктарын ташып кетүүгө келишим түзүүгө милдеттүү.
19. Үстү-үстүнө үйүлгөн таштандыларды, санкцияланбаган таштанды ташталган жерлерди жок кылуу боюнча иштерди аткарууну “Мээнет Аламүдүн” МИ Аламүдүн айыл өкмөтү менен муниципалдык тапшырык келишими боюнча жүргүзөт.
20. Аламүдүн айыл өкмөтү КТТКны жана таштандыны ташып кетүү боюнча кызмат көрсөтүүгө муниципалдык тапшырыкты ишке ашыруу укугуна ээ. Муниципалдык тапшырыкты аткарууну өткөрүп берүү келишим боюнча жүргүзүлөт. Муниципалдык тапшырык жөнүндө келишим боюнча муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү Аламүдүн айылдук кеңешинин макулдугу менен жүргүзүлөт.
21. Муниципалдык тапшырыкты каржылоо келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик эмес фонддорунун каражатынан ишке ашырылат. Муниципалдык тапшырыктын субъектиси Аламүдүн айыл өкмөтү тарабынан мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө же мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат.
IV. Эрежени бузгандыгы үчүн юридикалык жана жеке жактардын жоопкерчилиги
21. Ушул Эрежени бузууга күнөлүү юридикалык жана жеке жактар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте административдик жоопкерчиликке тартылат.
22. Санкцияланбан таштанды ташталган жерлер, калдыктардын өрттөлүшүнө себепкер болгон адамдар Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте административдик жоопкерчиликке тартылат. Санкцияланбаган таштанды таштаганы үчүн жооптуу адамдарды аныктоо мүмкүн болбогон учурда калдыктарды жок кылуу жана санкцияланбаган таштанды ташталган жерлерди калыбына келтирүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан белгиленген мөөнөттө аймактын менчик ээсинин же жерди пайдалануучунун каражатынын эсебинен ишке ашырылат.
23. Аламүдүн айыл аймагына өзүнүн мыйзамсыз аракеттери же аракетсиздиги менен зыян келтирген юридикалык жана жеке жактар келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттүү. Белгиленген мөөнөттө келтирилген зыяндын ордун толтуруудан баш тартылган же четке кагылган учурда чыгым сот тартибинде өндүрүлөт.