Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 155-27
Аламүдүн айыл аймагында кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
“Аламүдүн айыл аймагында кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө” жобонун долбоорун карап чыгып жана талкуулап, Аламүдүн айылдык кеңешинин 2019-жылдын 18-апрелиндеги № 116-27 “Жоболорду бекитүү жөнүндө” токтомуна, Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 18, 55-беренелерине ылайык, ошондой эле жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. “Аламүдүн айыл аймагында кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө” жобо бекитилсин.
2. Ушул токтом тиркемеси менен Аламүдүн айыл өкмөтүнүн www.alamudun.kg расмий сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаевге жүктөлсүн.
Төрага: | А. Филимоненко |
|
Аламүдүн айылдык кеңешинин
2020-жылдын 23-мартындагы
№ 155-27 токтому менен бекитилди
Аламүдүн айыл аймагынын кварталдык жана үй комитеттери жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
Бул жобо Аламүдүн айыл аймагынын кварталдык жана үй комитеттердин иш аракетин жөнгө салат.
1. Кварталдык жана үй комитеттер (мындан ары - Комитеттер) өз алдынча чечим чыгарууга жана жергиликтүү маанидеги маселелерди өз демилгелерин өз жоопкерчилиги менен иш жүзүнө ашырууга багытталган иш-аракет түрүндө аймактагы коомдук өз алдынча башкаруу формасы болуп саналат.
2. Кварталдык комитеттер турак-жай комплекстеринде, конуштарда жана жеке курулуш райондорунда, ал эми үй комитеттери - бир нече же бир нече көп квартиралуу үйлөрдө түзүлөт.
3. Комитеттин иш-аракетинин аймагынын чегаралары тургундардын сунуштарын эске алуу менен Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан белгиленет.
4. Комитеттер жарандардын жалпы чогулуштарында (жыйындарда) шайлоо негизинде түзүлөт.
5. Комитеттер Аламүдүн айылдык кеңешинде учеттук каттоодон өткөндөн кийин гана өз статусун алат. Комитет аны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 10 күндүн ичинде документтерди каттоого беришет. Комитет Кыргыз Республикасынын мыйзам тарабынан белгиленген тартипте юридикалык статус алууга келишимдик негизде функцияларды аткарууга жана Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ага берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга укуктуу.
6. Комитеттер аларды шайлаган жарандардын чогулушуна жана аларды каттоодон өткөргөн Аламүдүн айылдык кеңешине отчет берип турат.
II. Комитеттерди шайлоону уюштуруу жана өткөрүү
7. Комитеттерди шайлоо бул кварталдын же көп кабаттуу үйдүн (үйлөрдүн) аймагынын чектеринде жашаган жана катталган жарандардын жалпы жыйналыштарында өткөрүлөт.
8. Жалпы жыйналышты ошол аймактын тургундары уюштурушат жана өткөрүшөт. Жыйналыштын өтүүчү жери жана датасы Аламүдүн айылдык Аламүдүн айылдык менен макулдашылат.
9. Жалпы жыйналыштын ишине төмөнкүлөр катыша алат:
а) тийиштүү аймакта катталган 18 жашка толгон, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрү;
б) Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттары, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү добуш берүү укугу менен;
10. Комитеттердин мүчөлөрүн шайлоо жашоочулар тарабынан көчөлөрдүн, кирүүлөрдүн, үйлөрдүн жалпы чогулуштарында тийиштүү документтерди жол-жоболоштуруу менен өткөрүлөт.
11. Көчөлөрдүн жана подъезддердин жалпы жыйналышы төмөнкү кворумунан кийин укуктуу болуп саналат:
а) кварталдык комитеттердин мүчөлөрүн шайлоодо - үйлөрдүн жалпы санынын 35%дан кем эмес;
б) үй комитеттердин мүчөлөрүн шайлоодо - квартиралардын жалпы санынын 35%дан кем эмес.
Жыйналышка катышкан жана жазуу түрүндө макулдук берген тургундардын жалпы санынан 50%ын алган талапкерлер шайланды болуп эсептелинет.
Кварталдык жана үй комитеттердин мүчөлөрү 2 жылдык мөөнөткө шайланат.
12. Комитеттин иш жөндөмдүүлүгүн камсыздоо үчүн Комитеттин курамы 3 мүчөсүнөн кем эмеси шайланышат. Саны жалпы чогулуш тарабынан бекитилет жана үй жана квартиралардын санына жараша, бирок 5 кишиден көп эмес көбөйүүсү мүмкүн. Комитеттин сандык курамы так сан болуусу керек.
13. Кварталдык жана үй комитетинин төрагасы 18 жаштан жаш эмес жана, бул кварталда жана үйдө туруктуу катталган жана жашаган, ортодон кем эмес билими менен, соттолбогон же соттолгондугу белгиленген мыйзам тартибинде алынган жана жоюлган Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.
14. Шайланган Комитет жыйналыштан кийин сөзсүз түрдө комитеттин төрагасын жана анын орун басарын шайлай турган уюштуруу кеңешмесин өткөрөт.
Ачык добуш берүүдө добуштардын жөнөкөй көпчүлүгүн алган талапкерлер шайланды болуп саналат. Комитеттин төрагасын шайлоо боюнча кеңешмеде добуш берүү укугу менен Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттары, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү катыша алышат.
15. Жаңы кварталдык жана үй комитеттерди түзүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйналышы бул жобонун 8-пунктуна ылайык чакырылат.
16. Жаңы кварталдарды, үй комитеттерди түзүү боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн жыйналышын даярдоо жана өткөрүү, ошондой эле шайлануучу жактарды шайлоо ачык-айкын өткөрүлөт.
III. Комитеттердин функциялары жана ыйгарым укуктары
17. Комитеттин функциялары:
а) аталган аймакта калктын күндөлүк жашоосун камсыз кылуу маселелерин ыкчам чечүү жаатында:
- мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда бул аймакта жашаган жарандардын коомдук кызыкчылыгын, өз укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыгын билдирүүгө жана коргоого;
- аталган аймакта калктын күндөлүк жашоосун камсыз кылуу маселелери боюнча мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммуналдык кызматтар менен өз ара аракеттешүү;
- санкцияланбаган таштанды ташталган жерлерди аныктоо, таштандыны жыйноону жана өз убагында ташып кетүүнү контролдоо;
- абаттоо, санитардык тазалоо, жашылдандыруу, аймакты жарыктандыруу, көгөрүп турган бак-дарактарды суугаруу, тентиген жаныбарларды атуу жана башка турак жай-коммуналдык чарба ишине тиешелүү маселелер боюнча аталган аймактын тургундарынын муктаждыктарын аныктоо, ошондой эле тиешелүү уюмдар жана кызматтар аркылуу аларды чечүүнү уюштуруу;
- жолдордун абалы начар, курулуш эрежелерин жана турак жайларды пайдаланууну, турак үйлөрүн жана үй жанындагы жерлерди күтүүнү, өрт коопсуздугун жана санитардык ченемдерди бузган фактыларды аныктоо;
- жерди, сууну жана башка жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдаланган, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо мыйзамынын талаптарын бузган фактыларды аныктоо;
- жер казуу, курулуш иштерин жүргүзүүгө, жол салуу жана оңдоп-түзөө, инженердик тармактар боюнча иштерге, жылуулук, электр, суу менен жабдуу тармагынын ишиндеги аварияларды жана бузулууларды пайдаланган уюмдар тарабынан жоюулуусуна контроль жүргүзүү;
- аталган аймактын тургандарын абаттоо, санитардык тазалоо, бак-дарактарды отургузуу, суугаруу боюнча иштерди жүргүзүүгө уюштуруу;
- курулуш, санитардык, эпидемиологиялык, экологиялык, өрттү көзөмөлдөө жана коопсуздук чараларын ишке ашырууда тиешелүү уюмдарга жана кызматтарга көмөк көрсөтүү;
- Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдерин аткарууга көмөк көрсөтүү;
- жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн чогулуштарынын (конференцияларынын) чечимдерин аткарууну уюштуруу;
- коомдук жашоонун түрдүү маселелери боюнча демилгелерди көтөрүп чыгуу, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды киргизүү;
- тургундарды Кыргыз Республикасынын колдонуудагы ченемдик укуктук актылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдери жөнүндө кабарландыруу жана алардын аткарылышын уюштуруу.
б) тургундар менен иш алып баруу чөйрөсүндө:
- коомдук тартипти сактоодо укук коргоо органдарына көмөк көрсөтүү;
- мамлекет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, түрдүү фонддор, юридикалык жана жеке жактар тарабынан бөлүнгөн каражаттардын эсебинен калктын аз камсыз болгон катмарын даректик социалдык коргоо боюнча иштерди уюштурууга катышуу;
- шайлоорлорду, референдумдарды, шайлоочулар менен бардык деңгээлдеги депутаттардын жолугушууларын уюштурууга жана өткөрүүгө, коомдук пикирди сурамжылоону өткөрүүгө көмөк көрсөтүү;
- аткаруу бийлигинин органдары менен биргеликте жашаган жери боюнча балдар, өспүрүмдөр, жаштар жана үй-бүлөлөр менен иштерди уюштуруу, жашаган жери боюнча балдар, өспүрүмдөр жана жаштар менен социалдык-педагогикалык жана эс алуу иштерин алып барган клубдардын жана борборлордун ишине контроль жүргүзүү;
- калктын алсыз катмарын аныктоо жана мониторинг жүргүзүү;
- куралдуу кагылышууларга катышуу үчүн жалданмачылык жана азгыруу, мыйзамсыз мамлекеттик чек араны кесип өтүү, улуттар аралык чыр-чатактарды козутуу фактыларын тиешелүү уюмдарга маалымат жеткирүү менен аныктоо.
в) аталган аймактын маалыматтык берилмелер чөйрөсүндө:
- аталган аймактын маалыматтык базасын түзүү жана жаңылоо (тургундардын, турак жана турак жай эмес фондунун, мектеп жашындагы жана мектепке чейинки жаштагы балдардын, малдын ж.б.)
18. Комитет төмөнкүлөргө укуктуу:
- тийиштүү аймакты өнүктүрүү пландарын жана программаларын иштеп чыгууда катышууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана кызматкерлерин кароого сунуш берүүгө;
- аталган айтактын жашоочуларынын чогулуштарын жана жыйындарын чакырууга;
- абаттоо, санитардык тазалоо, бак-дарактарды отургузуу, суугаруу боюнча иштерди жүргүзүүгө тургундарды чакырууга (ишембилик ж.б.)
- аталган аймактын жашоочуларынын кызыкчылыктарын козгогон маселелерди талкуулоо учурунда кеңеш берүүчү добуш укугу менен Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине катышууга;
- контролдоочу, көзөмөлдөөчү жана укук коргоо органдары менен биргеликте рейддерди жана обходдорду уюштуруу;
- турак жай-коммуналдык чарба иштери, каттоого алуу жана тургундар менен иштөө маселелери боюнча актыларды түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аксакалдар сотуна, Аламүдүн айыл көмөтүнүн административдик комиссиясына карап чыгууга материалдарды түзүүгө жана жөнөтүүгө;
- турак жай-коммуналдык чарба иштерине тиешелүү маселелер боюнча коммуналдык кызматтардын жетекчилерине түз кайрылууга;
- коммуналдык кызматтар боюнча коммуналдык кызматтар тарабынан келишимдердин, анын ичинде иштерди аткаруу графиктеринин аткарылышын контролдоого;
- келишимдик негизде коммуналдык кызматтар боюнча тургундар тарабынан келишимдердин аткарылышын контролдоого;
- маданий-массалык иш-чаралардын, фестивалдарды, конкурстарды уюштурууга;
- социалдык чөйрөдөгү объектилерди, аймакты абаттоо, оңдоп-түзөө, санитардык тазалоо боюнча иштерди өткөрүп алууга катышууга;
- коомдук жашоонун түрдүү маселелери боюнча демилгелерди көтөрүп чыгууга, мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, коммуналдык кызматтарга сунуштарды киргизүүгө;
19. Келишимдин негизинде Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ага берилген функцияларды аткарат жана ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
20. Комитеттин төрагасы:
а) комитеттин ишин уюштурат;
б) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коомдук уюмдарда жана менчиктин ар кандай түрүндөгү көз карандысыз мекемелерде комитетти көрсөтөт;
в) Аламүдүн айыл аймагынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана өзүнүн чечимдеринин аймактын тургундары тарабынан аткарылышын уюштурат;
21. Тийиштүү аймактын калкынын кызыкчылыгына тийиштүү маселелерди чечүүдө өз ыйгарым укуктарынын чегинен ашырып жиберген учурда Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан жазуу түрүндө эскертүү берилүүсү мүмкүн.
IV. Комитеттердин жана алардын төрагаларын мөөнөтүнөн мурда шайлоо
22. Комитеттер төмөнкү учурда мөөнөтүнөн мурда шайланат:
а) комитеттин курамынын жарымынан көп мүчөлөрү кеткен учурда;
б) Аламүдүн айылдык кеңешинин, берилген аймактын тургундарынын жалпы санынын 35%дан кем эмес демилгечи тобунун сунушу боюнча;
23. Комитеттердин төрагалары төмөнкү учурларда кайрадан шайлануусу мүмкүн:
а) өзүнүн милдеттерин тийиштүү аткара албаганда;
б) Аламүдүн айылдык кеңеши, тургундар (берилген аймактагы жалпы санынын 35%дан кем эмес) жана Комитет тарабынан ишеним көрсөтпөгөн учурда;
в) өзүнүн арызы же ден-соолугунун абалы боюнча;
24. Комитеттин төрагасын кайра шайлоодо иштеп жаткан комитеттин курамынан шайланат.
V. Жыйынтыктоочу бөлүк
25. Бул Жобого толуктоолор жана өзгөрүүлөр Аламүдүн айылдык кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин күчүнө кирет.