Загрузка документа…
АЛАМҮДҮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты № 158-27
Аламүдүн айыл аймагындагы блокпосттор жөнүндө
Өзгөчө кырдаал киргизилгендигине байланыштуу Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын карап чыгып жана талкуулап, калктын ден соолугун коргоону камсыз кылуу максатында, ошондой эле Аламүдүн айыл аймагында короновирустук инфекцияга жол бербөөгө байланыштуу Аламүдүн айылдык кеңешинин депутаттарынын сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Садовое айылынын кире беришине жана Аламүдүн айылынын Мыкан айылы тарабынан Суворов көчөсү боюнча блокпостторду орнотууга уруксат берилсин.
2. Блокпосттордун ишине жооптуу болуп Аламүдүн айылдык кеңешинин депутатары Садовое айылында - Алиев Х.К., Аламүдүн айылында - Томпошев Б.Т. дайындалсын.
3. Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Кольбаев жергиликтүү бюджеттин каражатынын эсебинен тамак-аш уюштурсун жана медициналык беткаптар, халаттар, колкаптар менен камсыз кылсын
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
Төрага: | А.Филимоненко |
|