Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25 февралы №27-33/1
Каракол шаардык участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Каракол шаардык участкалык шайлоо комиссиясынын төрагасы Э.Чымыровдун, 2020-жылдын 10-февралындагы кир:№01-7/52 катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын участкалык шайлоо комиссиясынын курамына жана резервине, талапкерлердин тизмеси бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын шайлоолорду жана референдумдарды ѳткѳрүү боюнча Борбордук комиссиясынан, Каракол участкалык комиссиясынын курамына жана резервине талапкерлердин бекитилген тизмесин киргизүү суралсын.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ж.Мамбетов) жана Каракол шаардык депутаттар Кенешинин жооптуу катчысы Э.А.Майрыковго жүктѳлсүн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |
|