Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-февралы № 27-33/2
Каракол шаарынын мэринин 2019-жылда Каракол шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча отчету жөнүндө
Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун, 2020-жылдын 7-февралындагы кир:№01-7/46, Каракол шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндөгү отчетун угуп жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовдун, 2019-жылда Каракол шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча отчету, канаттандыраарлык деп табылсын.
2. Каракол шаарынын мэриясы, айтылган сунуштарды жана кемчиликтерди, 2020-жылы жоюу боюнча иштерди жүргүзсүн.
3. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү экономика, бюджет, соода, өнөр жай, инвестициялар жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына (Н.А.Баратова) жана Каракол шаарынын мэри А.Ж.Каниметовго жүктөлсүн.
Төрага: | Э.А. Айсаракунов |
|