Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25 февралы №27-33/9
П-1 зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине толуктоо киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С. Өскөнбаевдин 2020-жылдын 21-январындагы кир№01-7/16, П-1 зонасынын бөлүгүн, башкага өзгөртүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. П-1 (өнөр жай ишканаларынын зонасы) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: Каракол шаарындагы, Удилов атн көчөсү, №2/4 дарегиндеги жер тилкенин идентификациялык номери № 2-01-01-0157-0038 болгон, аянты 1579,2 м2, П-1 зонасында жайгашкан жер тилкеге, Каракол шаарындагы жер тилкелерин колдонуу жана курулуш эрежелеринин 3 пунктуна, атайын коомдук угуулар аркылуу макулдашуу тартиби боюнча 8,17 беренелеринин негизинде «спорт аянтчасы, ишкананын персоналынын эс алуу аянтчасы» деген сөздөрдөн кийин, «окуу машыктыруучу спорттук жайы» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
- Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине көрсөтүлгөн толуктоону киргизсин;
- Бул токтомдо, көрсөтүлгөн обьектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюусуз аткаруусун камсыз кылсын.
3. Ж.К.Орозбаева, Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (К.Калмакиев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |
|