Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-февралы №27-33/12
Р-4 зонасынан СХ-1 зонасына которуу жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С. Өскөнбаевдин 2020-жылдын 21-январындагы кир:№01-7/16 , Р-4 зонасын, башкага өзгөртүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXIII сессиясы
токтом кылат;
1. Р-4 зонасына (рекреациондук-ландшафтык аймагы) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Каракол шаарындагы, Госмельница көчөсү, №1а, дарегинде жайгашкан, аянты 450,0 м2 жер тилкесин СХ-1 (айыл чарба багытындагы зона) зонасына которулсун.
2. Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
- Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине көрсөтүлгөн толуктоону киргизсин;
- Бул токтомдо, көрсөтүлгөн обьектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюусуз аткаруусун камсыз кылсын.
3. К.Гайфулина, Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (К.Калмакиев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |
|