Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25 февралы №27-33/15
Ж-1 зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Каракол шаарынын биринчи вице-мэри С.С.Өскөнбаевдин 2020-жылдын 21-январындагы кир№01-7/16 , Ж-1 зонасынын бөлүгүн, башкага өзгөртүү жөнүндөгү катын карап жана талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Ж-1 (жеке турак жай курулушунун) зонасынын уруксат берилген кыймылсыз мүлктү пайдалануунун негизги түрлөрүнүн тизмегине төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: Каракол шаарындагы, Асаналиев көчөсү,№30 дарегинде жайгашкан, аянты 1140,0 м2 жер тилкесин Ц-2 (жергиликтүү маанидеги коммерциялык ишкердүүлүк жана тейлөө борборлорунун зонасы) зонасына которулсун.
2. Каракол шаардык шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:
- Каракол шаарынын курулуш ченемдери жана Эрежелерине көрсөтүлгөн толуктоону киргизсин;
- Бул токтомдо, көрсөтүлгөн обьектти, максаттуу пайдалануу жагын, кыйшаюусуз аткаруусун камсыз кылсын.
3. Р.А.Супатаева, Каракол шаарында жерди пайдалануунун курулуш ченемдерин жана Эрежелеринин сакталышын камсыз кылсын.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (К.Калмакиев) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктөлсүн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |
|