Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25 февраль №27-33/18
Каракол шаарынын «Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жѳнʏндѳ
«Каракол шаарынын ардактуу атуулу» наамын ыйгарууга сунуш кылыншан талапкерлер боюнча материалдарды талкуулап, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кенешинин XXVII чакырылышынын XXXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. «Каракол шаарынын ардактуу атуулу» наамы, Каракол шаарынын социалдык-экономикалык ѳнʏгʏʏсʏнѳ зор салым кошкондуктары жана Каракол шаарынын 150 жылдык мааракесинин урматына, тѳмѳнкʏ атуулдарга ыйгарылсын:
Аблабекова Чынара Эшмухамедовнага;
Асаналиев Муканбет Деркенбаевичке;
Ашымканов Качкын Шамиевичке;
Жаныбеков Акылбек Кадыровичке;
Жумабекова Акылсайра Кадыралиевнага;
Ильязов Данил Махмедовичке;
Ишембиев Абыл Апиевичке;
Кадыралиева Жыпаргул Барыктабасовнага;
Кыдыкбаев Керэзбекке;
Кыргызбаев Жумабек Омуракуновичке;
Мадамбеков Орумбек Адырбековичке;
Темирканов Жениш Абдрешовичке;
Токтосопиев Нурлан Козукеевичке;
Турсунбеков Марат Турсунбековичке;
Шаршеналиев Ɵмʏрбек Асангазиевичке.
2. Кабыл алынган токтомдун негизинде, аракеттеги Жобого ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кенеши, Каракол шаарынын мэриясы, жогоруда аталган жарандарга, “Каракол шаарынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жѳнʏндѳгʏ биргелешкен токтомун кабыл алышсын.
3. “Каракол шаарынын ардактуу атуулу” наамын алган атуулдарга, 2 атуулдун ордуна 15 атуул болуп калгандыгына байланыштуу, акчалай сый акылары берилбесин.
4. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областтык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Токтом ММКларда жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү мыйзамдуулукту сактоо, ММКлар жана коомчулук менен байланыш, депутаттык этика жана депутаттык ишмердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Ж.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жүктѳлсүн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |
|