Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК ДЕПУТАТТАР КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 25-февралы №27-33/19
Каракол шаарынын жаңы конушундагы бир кѳчѳгѳ ысым ыйгаруу жѳнʏндѳ
Каракол шаарынын №6 аймагынын жашоочуларынын, 2019-жылдын 27-майындагы, кир№01-7/175 протоколун карап жана талкуулап, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун эске алуу менен, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVII чакырылышынын XXXIII сессиясы,
токтом кылат:
1. Элебаев, Искаков атн кѳчѳлѳрʏ тарабында жайгашкан жаңы конуштун биринчи кѳчѳсʏнѳ Касымбаев Шекейдин ысымы ыйгарылсын (картага ылайык).
2. Каракол шаардык мэриясы бир айлык мѳѳнѳттʏн ичинде аты жазылган табличкаларды даярдап, бурчтагы ʏйлѳргѳ тактырсын.
3. Бул токтом, Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн, областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтом ММКларда жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышына кѳзѳмѳл жʏргʏзʏʏ, мыйзамдуулукту сактоо, укук тартиби, ММКлар, коомчулук менен иш алып баруу, депутаттык адеп жана депутаттык ишмердʏʏлʏк боюнча туруктуу комиссиясына (К.Мамбетов) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэрине жʏктѳлсʏн.
Төрага | Э.А. Айсаракунов |
|