Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-апрели № 25/1
Кенеш айылдык аймагынын Кенеш, Пор айылдарындагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуудагы төлөмүн бекитүү жөнүндө
1.Кенеш айылдык аймагынын Кенеш, Пор айылдарындагы калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуудагы төлөмү төмөндөгүдөй тарифте белгиленсин;
1) Кенеш айылынын калкы үчүн 80 сомдон;
2) Пор айылынын калкы үчүн 30 сомдон бектилсин.
2. Таза суу ичүүчүлөрдүн жекече пайдалануучуларынын төлөм акысы 200 сомдон белгиленсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө, элге үзгүлтүксүз ичүүчү таза сууну жеткирүү “Таттуу Булак Пор” айылдык суу керектөөчүлөр коомдук уюмунун башчысы Ө Жээнбенковго милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткаралышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Капаровга жана депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук жаштардын иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Пусурманкулов |