Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-июлу № 2/1
Айыл өкмөтүнүн негизги каражатында турган мурдагы АТСтин имаратын менчиктештирүү жөнүндө
Айыл аймагындагы “Доор-Айым” аялдар кооперативинин жетекчиси Кадырбекова Ашамкан жазган арызын карап, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө болгон менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 12, 12-1 жана 13-ст. талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.Айыл өкмөтүнүн негизги каражатында турган мурдагы АТСтин имаратын менчиктештирүүнүн усулун иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтү тарабынан атайын комиссиянын курамы түзүлсүн.
2.Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган имаратты менчик укугуна ээ боло турган тийиштүү иш кагаздарын топтоштуруп түзүлгөн комиссияга тапшыруу жагы “Доор-Айым” аялдар кооперативинин жетекчиси Кадырбекова Ашамканга тапшырылсын.
3.Бир айылык мөөнөттө комиссиянын корутундусун чыгарып угузуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовго жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин социалдык маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштар иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Токторов |
|