Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 23-июлу № 2/2
Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Аймактарды өнүктүрү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата Кеңеш айылындагы жаңыдан тартылган интернет байланышына , турак жай фондусун каттоо максатында көчөлөрдү иретке келтирип, табличкаларды илүү үчүн, көчөлөрдү түнкүсүн жарыктандырууда ар бир көчөгө счетчик коюлгандыгына байланыштуу “Энерго паспорт” жана Кеңеш,Пор айылдарындагы жашаган элден чыгуучу таштандыларды таштоо жайын уюштурууга кошумча каражат зарылдыгы болгондуктан Депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин 2018-жылдын 15-январындагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2019—жылга карата алынган бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү максатында депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ ;
1.Кеңеш айылындагы жаңыдан курулган интернет байланышына ,турак жай фондусун каттоо максатында көчөлөрдү иретке келтирип, табличкаларды илүү үчүн, көчөлөрдү түнкүсүн жарыктандырууда ар бир көчөгө счетчик коюлгандыгына байланыштуу “Энерго паспорт” жана Кеңеш,Пор айылдарындагы жашаган элден чыгуучу таштандыларды таштоо жайын уюштурууга айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги иштетилбей калган статьяларынан жылдырылып,акча каражаты чегерилип берилсин
2.Айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги айрым иштетилбей калган статьядагы акча каражаттарын керектелүүчү статьяларга которуштуруу жагы айыл өкмөтүнүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К. Арзибековго тапшырылсын
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовго жана депутаттардын Кенңеш айылдык аймактык Кеңешинин бюджет,социалдык маданий, коммуналдык менчик,маалымдуулук, жаштардын иши боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д.Токторов |
|