Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-сентябры № 3/1
Кенеш айыл аймагындагы Ж.Акматалиев атындагы орто мектебинин 2019-2020-жаңы окуу жылына карата даярдыгы жана мектептин участокторунун жашылдандыруу , көрктөндүрүүсүнүн абалы жөнүндө
Кенеш айыл аймагындагы Ж,Акматалиев мектебинде 2019-2020-жаңы окуу жылына карата даярдыгы жана мектептин участокторунун жашылдандыруу , көрктөндүрүүсүнүн абалы боюнча жүргүзүлүп жаткан иштеринин депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү М.Абдылдаевдин маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин кезектеги үчүнчү (4-шайланган ) сессиясынын жыйналышы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл аймагындагы Ж.Акматалиев атындагы орто мектебинде билим сапатын жогорулатуу жана мектептин участокторун көрктөндүрүү , жашылдандыруу боюнча аткарып жаткан иштеринде бир топ кемчилдиктер орун алгандыгы белгиленсин.
2.Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын талаптарына ылайык окуу, тарбия иштерин жүзөгө ашырууда кемчилдиктерге жол бергендиги жана мектептин участокторун жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштеринде көчөттөрдүн өсүүшүнө кош көңүл жасагандыгы үчүн мектептин директору М.Айтиевге эскертүү берилсин.
3.Ж.Акматалиев атындагы орто мектептин директору М.Айтиевге;
-билим берүүдөгү кетирилген кемчилдиктерди тез арада жоюу боюнча иштиктүү чараларды көрүшсүн жана ички тартиптин көзөмөлүн күчөтүшсүн;
-окуучуларга сапаттуу билим берүү максатында мугалимдерди өз билимин өркүндөтүү курстарына жиберип, ачык сабактарды уюштурушсун;
-билим сапатын жакшыртуу максатында мектепте материалдык-техникалык базасын чындоо менен окуучулардын арасындагы олимпиадалык топторду жана предиметтик ийримдерди түзүүнү жандандырышсын.
-мектептин айланасын жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча кетирилген кемчилдиктерди кескин түрдө жоюуну жана аны кайрадан пландап иш-чара иштеп чыгууну колго алышсын.
-мектептин айланасын жашылдандыруу, көрктөндүрүү иштерине кайдыгер жасаган жооптуу кызматкерлерин директор алдында кеңешмесинде талкуулап, тартип жаза колдонулсун.
7.Бул токтомдун аткаралышын көзөмөлдөөнү депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенешинин социалдык-маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Д. Токторов |
|