Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 4-октябры № № 4/2
“Кенеш айыл өкмөтүнүн алдындагы (кайра бөлүштүрүү фондусунун) жерлеринин ижаралык баасын жана келишим мөөнөтүн белгилөө жөнүндө” Кенеш айылдык кеңешинин ( 3-шайланган ) 26.03.2019-жылдагы “ 24/2 сандуу токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кара-Кулжа районунун прокуратурасы тарабынан 30.09.2019-жылдагы № 11-1536-19-сандуу Каршылык билдирүү катын окуп жана талкуулап депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин (4-шайланган ) кезексиз төртүнчү отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.“Кенеш айыл өкмөтүнүн алдындагы “кайра бөлүштүрүү фондусунун” жерлеринин ижаралык баасын жана келишим мөөнөтүн белгилөө жөнүндө” Кенеш айылдык кеңешинин 26.03.2019-жылдагы “ 24/2 сандуу токтому жокко чыгарылсы.
2.Кеңеш айылдык Кеңешинин кезектеги 26.03.2019-жылдагы сессиясындагы кабыл алынган 24/2-токтомун Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин ылайык түзөтүү киргизип,токтомдун долбоорун талкуулап даярдоо жагы Кеңеш айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Калмуратовго жана депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин социалдык маданий, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштар иштери жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Д. Токторов |
|