Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-декабры № 6/1
Кенеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылга каралган бюджетин бекитүү жана 2021-2022-жылдарга киреше бөлүгүнүн болжолдуу планын бекитүү жөнүндө
Кенеш айыл өкмөтүнүн 2020-жылга каралган бюджетин бекитүү жана 2021-2022-жылдарга киреше бөлүгүнүн болжолдуу планын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2020-жылга Кенеш айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери 6 211100 мин сом өлчөмүндө жана чыгашалары 6 211100 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Кенеш айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелеринин болжолу 2021-жылга 6292300 миң сом, 2022-жылга 6418700 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3.2020-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелерин түзүүчү булактары жана чыгашалары боюнча багыттар №1 тиркемеге ылайык аныкталсын ( тиркеме тиркелет).
Айыл округунун чыгаша бөлүгү 2020-жылга түшкөн кирешелердин жана гранттардын чегинде, ошону менен бирге биринчи кезекте коргоого алынган чыгымдардын статьяларына каржылануусу белгиленсин.
4.Мамлекеттик каражаттарды максатуу, сарамжалдуу пайдалануусун камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
5.Бекитилген бюджеттин аткарылышын жана сарамжалдуу сарпталуусун көзөмөлгө алуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Д. Токторов |