Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-январы № 7/2
Кара-Кулжа райондук прокуратурасынын 2020-жылдын 9-январындагы № 11-18-20 сандуу Сунуш катыңыздардагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик Салык кызматынын Кара-Кулжа району боюнча башкармалыгынын атынын негизинде, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүкүн декларациялоо жөнүндө” мыйзамынын талаптарынынаткарылышы боюнча сунушун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, ушул Мыйзамдын колдонулушу саясий жана административ муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеп турган адамдарга жайылтылышы маалымдап жана андагы айылдык Кенешинин депутаттары Жусупов Бахытбек Шакирбевич, Мансуров Расулбек Жанышович, Бекмурзаев Абдилашим Маматеминович жана Апиева Гулмира Сейитовналар “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын бузуп, жогорудагы аталган Мыйзамынын 5-бер. 1-бөлүгүн жана 9-бер.1-бөлүгүнүн талаптарын декларант тарабынан одоно бузгандыгы тууралуу белгилеген райондук прокуратуранын 09.01.2020-жылдагы № 11-18-20 сандуу ченемдик укуктук актыларынын бузулушун чететтүү жөнүндөгү сунушун талкуулап депутаттардын Кенеш айылдык аймактык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1.Кыргыз Республикасыныцн “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын аткарууну айылдык Кенештин депутаттары Жусупов Бахытбек Шакирбевич, Мансуров Расулбек Жанышович, Бекмурзаев Абдилашим Маматеминович жана Апиева Гулмира Сейитовналар эске алышсын.
2.Айылдык кенешинин депутаттарына “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүкүн декларациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-бер. 1-бөл. ылайык , декларация отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелине чейин декларант тарабынан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органына декларация берүү жагы тапшырылды.
Төрага | Д. Токторов |
|