Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 06-майы № 27/2
Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүү жөнүндө.
Ленин айыл өкмөтүнүн айыл башчылары Б.Максутбаев, А.Айтманбетовдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап ,Ленин айылдык Кенешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн айыл башчылары Б.Максутбаев , А.Айтманбетовдун билдирүүлөрү эске алынсын .
2. Жазгы талаа жумуштарын уюшкандыкта өткөрүүдө колдо болгон айыл чарба шаймандарын, техникаларын ондоо , жарактуу абалга келтирүү , элди картошка,арпа, буудай, урук, күйүүчү май,(солярка) менен камсыз болгондугу белгиленсин.
3. Планда белгиленген уруктарды өз мөөнөтүндө себүүнү колго алуу, кышка карата тоютту камдоого азыртан көнүл буруу жана жакынкы, алыскы жайыттарды коруу боюнча уюштуруу иштери жүргүзүү айыл башчыларга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановго тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Айдаралиев |
|