Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 06-майы № 27/3
Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Күн-Элек, Гагарин айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү жөнүндө.
Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Күн-Элек, Гагарин айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү боюнча айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Кулуевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Ленин айылдыкКенешининотуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Күн-Элек, Гагарин айылынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү боюнча айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Г.Кулуевдин билдирүүсү эске алынсын.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн Согонду, Мурдаш, Күн-Элек, Гагарин айылдарынын тургундарын жайлоого көчүрүү жана көчүп келүүсү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн жана жайлоого көчүү мөөнөтү аба ырайына карап 2020-жылдын 1-майынан баштап көчүрүлсүн, көчүп келүү мөөнөтү 1-сентябрга белгиленсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы жана жер реформасын турмушка ашыруу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Айдаралиев |
|