Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 12-майы № 28/2
Ленин айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрайымы А.Жунусмаматованын жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө
Ленин айылдык Кенеши угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрайымы А.Жунусмаматованын жүргүзүп жаткан иштери эске алынсын жана 2020-жылдын план тапшырмаларын жыл ичинде толтуруу боюнча иш алып баруу күчөтүлсүн.
2.Ленин айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрайымы А.Жунусмаматовага план тапшырманы толук толтуруу үчүн жакындан жардам берүү айыл башчылар Муса уулу Кылычбекке,А.Айтманбетовго,Б.Максутбаевге,Н.Бубаевге жана А.Матеиповго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Матановго тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы | Б.Айдаралиев |
|