Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-майы №XXXIII-1
“Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жана тартиптик чара көрүү жөнүндөгү” Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 15-апрелиндеги №1-10/518, Ноокат райондук прокуратурасынын 2020-жылдын 6-майындагы №1/893-20 сандуу сунуш каттары жөнүндө.
“Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жана тартиптик чара көрүү жөнүндөгү” Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 15-апрелиндеги №1-10/518, Ноокат райондук прокуратурасынын 2020-жылдын 6-майындагы №1/893-20 сандуу сунуш каттары боюнча Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин 4-пунктунун талабына ылайык мыйзам бузууларга жол бергендиги \ч\н тактап айтканда жарандардын жеке арыз кайрылуулары мыйзамда белгиленген тартипте электрондук түрдө же жазуу жөзүндө жооп берилерине тийиш экендигине карабастан кароосуз калтырылгандыгы тууралуу маселеси Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Ченемдик укуктук актыларынын бузулушун четтетүү жана тартиптик чара көрүү жөнүндөгү” Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын 2020-жылдын 15-апрелиндеги №1-10/518, Ноокат райондук прокуратурасынын 2020-жылдын 6-майындагы №1/893-20 сандуу сунуш каттары Ноокат шаарынын мэри Ж.А.Нурдинов тарабынан эске алынсын.
2.Ноокат шаарынын мэри Ж.А.Нурдиновго Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү” мыйзамынын 7-беренесинин 4-пунктунун мыйзамдардын талаптарынын аткарууда мыйзам бузууларга жол берилгендигине байланыштуу, мыйзам бузууларды четтетүү жана мындан ары болтурбоо максатында Ноокат шаар мэриясынын тийиштүү кызматкерлерине карата мыйзамда көрсөтүлгөн таасир этүүчү тартиптик чараларды көрүү сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдъъ Ноокат шаардык кенешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттык этика, мандат, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Гафаров |
|