Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-майы № XXXIII-2
Ноокат шаардык мэриясынын, Ноокат шаардык кеңешинин жана Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерине кошумча иштеген күндөрү үчүн эмгек акы төлөө жөнүндө.
Ноокат шаардык мэриясынын, Ноокат шаардык кеңешинин жана Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерине кошумча иштеген күндөрү үчүн эмгек акы төлөө жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаардык мэриясынын, Ноокат шаардык кеңешинин жана Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментинин кызматкерлерине кошумча иштеген күндөрү үчүн эмгек акы Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен:
-Ноокат шаар мэриясына, Ноокат шаардык кеңешине:
-701-бөлүмдүн -2111 эмгек акыга 106 780 (бир жүз алты миң жети жүз сексен) сом;
-2121 соц. фонду 18 419 (он сегиз миң төрт жүз он тогуз) сом;
-Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине:
-706-бөлүмдүн-2111 эмгек акыга 52 865 (элүү эки миң сегиз жүз алтымыш беш) сом;
-2121 соц. фонду 9 119 (тогуз миң бир жүз он тогуз) сом акча каражаттары ажыратылып берилсин:
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |
|