Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-май № XXXIII-3
Ноокат шаарынын аймагында Коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдаалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Ноокат шаарынын аймагында Коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын аймагында Коронавирустун жайылышына жол бербөө жана кырдалдын өнүгүшүнө бөгөт коюу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмдүн 3111 беренесинин эсебинен:
-709-бөлүмдүн -3112 беренесине-180 000 (бир жүз сексен миё) сом, комплект шейшептер, жууркан;
-709-болумдун -2222 беренесине -211 000 (эки жүз он бир миё) сом, чарбалык материалдар;
-709-болумдун-2218 беренесине -100 000 (жүз миё) сом, тамак-аш;
-710-болумдун-2721 беренесине-60 000 (алтымыш миё) сом жакыр үй-бүлөлөргө жардам;
-702-бөлүмдүн-2215 беренесине 950 000 (тогуз жүз элүү миң) сом, өзгөчө кырдаал үчүн акча каражаттары ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |
|