Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-майы № XXXIII-4
Ноокат шаарынын аймагындагы Крупская атындагы мектебинин жатак интернатына обсервацияга алына турган жарандарга ынгайлуу шарт түзүү максатында душ куруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө.
Ноокат шаарынын аймагындагы Крупская атындагы мектебинин жатак интернатына обсервацияга алына турган жарандарга ынгайлуу шарт түзүү максатында душ куруу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2,3-бөлүктөрүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы Крупская атындагы мектебинин жатак интернатына обсервацияга алына турган жарандарга ынгайлуу шарт түзүү максатында душ куруу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 30 044 (отуз миң кырк төрт) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |
|