Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-майы № XXXIII-5
Ноокат шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн “Ноокат Коммунальщик” АК ишканасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн “Ноокат Коммунальщик” АК ишканасына акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө Ноокат шаардык кеңешининбюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуукомиссиясынын берген тактамасын карап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу үчүн “Ноокат Коммунальщик” АК ишканасына Ноокат шаар мэриясынын 2020-жылдын бюджетинин 706-бөлүмүнүн 3111 беренесинин эсебинен 706-бөлүмдүн 2512 беренесине-488 000 (төрт жүз сексен сегиз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |
|