Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 3
Каныш-Кыя айылдык Кенешинин иш планындагы маселелери жөнүңдө
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 2019-жылга карата түзүлгөн иш планына ылайык 4-кварталдагы каралуучу 2 маселени 2020-жылдын 1-кварталына калтыруу боюнча карап жана талкуулап, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VIчакырылышынын кезектеги ХXIII сессиясы
Токтом кылат:
1.Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 2019-жылга түзүлгөн иш планы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин иш планындагы кабыл алынган токтомдордун аткарылышы боюнча жана жылдын жыйынтыгы менен шайлоочуларга отчет берүү боюнча эки маселе 2020-жылдын биринчи кварталына жылдырылсын.
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик
администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасыны орун басары У.Каратаевге милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы | Ж. Бегалиев |
|