Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 6
“Чаарат ЗААВ” жабык акционердик коомунун кайрылуусун кароо жөнүндө
“Чаарат ЗААВ” жабык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 2032-жылдын 25-июнуна чейин берилген 3117 АЕ №4 лицензиялык макулдашуусунун негизинде Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Түлкүбаш участкасынан 2,63 га жер аянты ижарага сураган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңеши
Токтом кылат:
1.”Чаарат ЗААВ жабык акционердик коомунун кайрылуусу эске алынсын.
2. “Чаарат ЗААВ” жабык акционердик коомунун Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан 2032-жылдын 25-июнуна чейин берилген 3117 АЕ №4 лицензиялык макулдашуусунун негизинде Түлкүбаш участкасынан 2,63 га жер аянты иштетүү үчүн ижарага берүүгө уруксат берилсин.
3. Берилген 2,63 га жер аянтына “Чаарат ЗААВ” жабык акционердик коому менен келишим түзүү менен мыйзам чегинде иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы | Ж. Бегалиев |
|