Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-декабры № 7
“Чаткал Чебер Уста” жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал айылынын тургуну “Чаткал Чебер Уста”жоопкерчилиги чектелген коомунун тигүү цехинин уюштуруучусу Тойчуев Султанбектин тигүү цехине жетишпеген айрым жабдууларын алууга колдоо көрсөтүү жөнүндөгү сурап жазган кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Чаткал Чебер Уста” жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучусу Тойчуев Султанбектин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө кийим тигүүчү жабдууларды сатып алууга 290 000 ( эки жүз токсон миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин жана алынган жабдууларды мыйзам чегинде келишим менен ижарага берүү Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнө тапшырылсын .
3.Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик админситрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет финансы жана экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы | Ж. Бегалиев |
|