Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28-ноябры №12
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылына караштуу У.Ашырматов көчөсүн Асфальттоо иштелип чыккан проектисине акча каражатын бөлүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет кодекси” мыйзамына ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Жаңгак айылына караштуу У.Ашырматов көчөсүн асфальттоо проектисин бюджет, финансы жана экономика туруктуу комиссиясынын отурумунун сунушун эске алып,угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 15-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Жалгыз-Жаңгак айылындагы У.Ашырматов көчөсүн асфальттоо проектисин ишке киргизуу үчүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджет эсебинен 2 504 355 сом бөлүнүп берилсин.
2. Аталган долбоорду убагында каржылоо жагы Көк-Арт айыл өкмөтү Э.Кулматовго жана ФЭБүнүн башчысынын милдеттин аткаруучу З.Абдукаимовго милдеттендирилсин.
3. Аталган токтомду туура багытка аткаруу жагын көзөмөлдөө бюджет,финансы жана экономика туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |
|