Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-январы №1
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтуу бюджетинин киреше жана чыгашаларынын долбоорун жана 2021-2022-жылдарга божомол булактарын бекитүү жөнүндө
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша булактарынын долбоорун жана 2021-2022-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы З.Абдукаимовтун билдирүүсүн угуп, талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. 2021-жылга 16827,7 мин сомго, 2022-жылга 16765,7 мин сомго жергиликтүү бюджеттин кирешелери, ал эми 2021-жылга 7046,0 мин сомго, 2022-жылга 6924,0 мин сомго теңдөө грантынын божомолу бекитилсин.
2. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга бюджет сметасын бекитүү жөнүндө, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы З.Абдукаимовтун билдирүүсүн эске алып , 2020 – жылга айыл өкмөтүнүн кирешелери, салык түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттардын суммасы 16530,3 мин сомго, атайын каражаттардын суммасы 2142,0 мин сомго, жалпы 18672,3 мин сомго бекитилсин.
3. Теңдөө грантынын көлөмү 2020-жылга 7467,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин жана аны пайдалануу биринчи кезекте корголгон беренелерге жумшалсын.
4. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик чыгымдары бөлүмдөр аралык жана статьялар аралык бөлүнүшү 18672,3 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. КР Өкмөтүнүн 20.06.2018-жыл №208-Б буйругуна ылайык 2020-жылга электр энергиясынын 479,7 кВт лимитти бюджеттик мекеме уюмдар боюнча бөлүнүшү бекитилсин жана жеткирилген лимиттерди сактоо мектеп директорлоруна, балдар бакчаларынын жетекчилерине милдеттендирилсин.
6. 2020-жылга башкаруу бөлүмүнүн чыгымдары ар түрдүү чыгымдар суммасы 2031,0 мин сомго, мүлктү учурдагы ондоого 35,0 мин сомго, чарбалык буюмдарды алуу чыгымдарына 100,2 мин сомго, машиналарды жабдууларды алуу чыгымдары 20,0 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 08.07.2013-жылдагы № 403-токтомунун негизинде Көк-Арт айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин саны 23 штат бирдиги кармалсын , айлык акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 жана 2017-жылдын 7 августундагы № 466 токтомунун негизинде 4280,6 мин сомго бекитилсин.
8. Транспорттук чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 30.12.2011-жылдагы №767 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн кызматтык машинасы учун бир айга 240 литр бензин бекитилсин.
9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-статьясына ылайык жергиликтүү бюджеттин резервдик фонду 164 мин сом өлчөмүндө белгиленсин жана аны пайдалануу багыты ушул кодексте көрсөтүлгөн жоболорго ылайык жүргүзүлсүн.
10. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы эпизотикалык абалды өз денгээлинде кармоо учун вакцинация иштерине,массалык жугуштуу оорулардын алдын алууга,өз убагында чара көрүүгө кутурма ооруларга ит мышыктарды атууга 20.0 мин сом акча каражат каралсын.
11. КРӨнүн 2014-жылдын 15 сентябрындагы № 530 токтомунун негизинде , жергиликтүү кенештин төрагасына компенсация төлөп берүү жагы каралсын.
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 7-июнундагы № 386 “Жайыттар жөнүндөгү “ мыйзамын ишке ашыруу боюнча токтомуна жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48 беренесине ылайык Жайыт пайдалануучулар комитетинин 2020-жылга жалпы кирешеси 500,0 мин сомго, анын ичинен жер салыгы 77,0 мин сом , жайыт үчүн төгүлүүчү 423,0 мин сомду түзүп, чыгашасы бекитилсин. Жайыт жерлеринин ижарасынын соц фондко чегерүүлөрүнүн акысы, жайыт пайдалынуучулар өздөрү төгүү белгиленсин.
13. 2020-жылга ЖКХ бөлүмүнүн 3111 беренесиндеги чыгымдар 5693,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 31.01.2012-жылдагы № 66 токтомунун негизинде айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин штаттык бирдиги жана эмгек акысын төлөө КР Өкмөтүнүн 19.01.2011-жылдын № 16 токтомунун негизинде кармалсын. Эмгек акысы 387,3 мин сомго, соц фондко чегеруу 66,9 мин сомго бекитилсин.
15. 2020-жылга китепкана бөлүмүнүн чыгымдары 247,3 мин сомго маданият бөлүмүнүн чыгымдары 222,9 мин сомго бекитилсин .
16. 2020-жылга билим берүү бөлүмүнүн тамак аш алууга 790,0 мин сомго бекитилсин.
17. “Ак-Тилек 2” балдар бакчасына ата энелерден түшүүчү (атайын каражат) төлөмдөрдүн жалпы суммасы үчүн 2142,0 мин сомго бекитилсин жана анын чыгымдары казыналык система аркылуу жумшоосу бекитилсин.
18. Айыл өкмөтүнүн карамагындагы мектептердин мугалимдерине КРнын мыйзамдарына ылайык жаш мугалимдердин айылга келип иштешине ар тараптуу шарт түзүп жана жардам берүү максатында аларга турак жай куруу үчүн кезексиз конуш ажыратылып, жаш мугалимдерге жергиликтүү бюджеттин тартыштыгын эске алып 6500 (алты мин беш жуз) сомдон жөлөк пул (подемный) төлөп берүүжагыайылөкмөтүнөжүктөлсүн.Элге , комиссиянын чечими мененсоциалдык жардам бөлүмүнө 544,0 мин сомго бекитилсин.
19. Мамлекеттик фондунун жерлеринен түшүүчү аренда акыларды жана салыктарды өз убагында толук өндүрүү жагын камсыз кылуу ар бир участканын айыл башчысына, ага салык инспекторуна жеке милдеттендирилсин.
20. 2020-жылдын чыгаша бөлүгүндө көрсөтүлгөн бюджеттин чыгымдарын аткаруу Кыргыз Республикасынын 03.04.2015-жылдагы № 72 токтомунун негизинде Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамына ылайык каржылоо жана максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кулматовко милдеттендирилсин.
21. 2020-жылга статистерге айлык акыга келген акча каражаты ай сайын бюджеттин чыгаша бөлүгүнө тактоо киргизилсин.
22. Айыл өкмөтүндө 2020-жылда бюджеттин чыгымдарына өзгөртүү киргизүү бюджет, финансы жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын сунушу менен сессияга сунушталсын.
23. Бюджеттин тартыштыгын эске алып мекеме ишканаларга 170 тонна көмүргө 751,0 мин сом, Б.Төрөгелдиев мектебине ашкана оңдоого 1100,0 мин сом, Маданият үйүнүн ичин оңдоого 500,0 мин сом , жалпы 2351,0 мин сом акча каражатын Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгы аркылуу суралсын .
24. 2020- жылда пландык көрсөткүчтөрдөн ашыкча жыйналган жана МСА эл.порталынан үнөмдөлгөн каражаттар Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесине 1 бөлүмүнүн 3 пунктуна ылайык, айылдык кеңештин чечиминин негизинде пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кулматовко милдеттендирилсин.
25. Бекитилген чыгыша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
26. Бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы
Э.Кулматовко жүктөлсүн.
27. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
28. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
29. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |
|