Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-январы № 2
“2020-жылдын 1-январына калган калдык каражатты бөлүү жөнүндө”
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын 12 айында кошумча кирешелердин жана чыгашалардын үнөмдөөдөн келип чыккан каражаттарды пайдалануу жөнүндөгү финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы З.Абдукаимовтун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттин чыгымдарынан жана такталган киреше пландарынан ашыкча жыйналган каражаттарынан жалпы 666,9 мин сом акча каражатын, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысына жана айылдык кенешке акча каражатын сурап жазган атуулдардын кайрылуусунун негизинде жана айыл аймагында социалдык инфраструктураларга болгон муктаждыктарды эске алып төмөнкү чыгымдарды каржылоого жумшалсын.
2. 1-январь 2020-жылга калган калдык 666895 сомго бөлүнсүн.
3. Атайын каражат эсебинде калган 45456 сом калдык “Ак-Тилек” балдар бакчасына керектелуучу эмеректерди сатып алууга жумшалсын.
4. Бекитилген чыгыша пландарына тактоолорду жургузуу жагы Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Кулматовко милдеттендирилсин.
6. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
7. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |
|