Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-январы № 3
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М Кулматовдун 2019-жылы аткарган иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Кулматовдун 2019-жылы аткарган иштери жөнүндө берген маалыматын угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М Кулматовдун 2019-жылы аткарылган жумуштары жөнүндө берген отчету канатандыраарлык деп табылсын.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |
|