Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы
2020-жылдын 24-январы № 6
“Көк-Арт суу-тазалык” муниципиалдык ишканасы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесине ылайык ““Көк-Арт суу-тазалык” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси А.Усеналиевдин 2020-жылга иш планы жөнүндө берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Багыш сай,Каман сайы жана Катмы сайларынан келген сууларды ичүүчү суу катары гана пайдалансын.
2. Ичүүчү сууга ар бир үйгө суу эсептегич аппаратары милдетүү түрдө коюлсун.
3. Айыл аймагы боюнча жашоочулар,күнүмдүк тиричилик калдыктарды ташып чыгуу долбооруна милдеттүү түрдө кошулушсун.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн маселелер пилоттук түрдө этап этабы менен ишке ашырылсын.
5. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |
|