Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-январы № 7
Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну Жумуков Маматжанды Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер” наамына көрсөтүү үчүн сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Кулматовдун , Жумуков Маматжанды “Айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер” наамына көрсөтүү үчүн сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XVI- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну Жумуков Маматжандын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбасына эмгек
сиңирген кызматкер”наамына көрсөтүү сунушталсын.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |
|