Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-январы № 8
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө”.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы кун тартибиндеги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтомуна ылайык“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө”мыйзамынын негизинде, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” келишимди окуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Көк-Арт айыл өкмөтүнүн ортосунда “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамынын негизинде түзүлгөн келишими бекитилсин.
2. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: | С.Жуманазаров |
|