Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 24-январы № 9
Көк-Арт айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Малай айылындагы Ш.Кенжекулов атындагы негизги мектебине кошумча класс (мектеп)
курууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына негиздеп, Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XVI сессиясына Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Ш.Кенжекулов атындагы негизги мектебине кошумча класс (мектеп) курууга жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө маселе-ни угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Долбоор приоритеттүү деп табылсын.
2. Ш.Кенжекулов атындагы негизги мектебине кошумча класс (мектеп) курууга өнүктүрүү фондуна долбоорлор жазылып тапшырылсын.
3. Долбоорду жазуу,тапшыруу,акча каражатын табуу,бөлүп берүү жагы Көк-Арт айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
4. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтунүн www.kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы | С.Жуманазаров |
|