Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры№186/36-7
“Кара-Көл шаарындагы Серый көчөсүндөгү мурдагы №9 “Золотая рыбка” балдар бакчасынын имаратынын Токтогул ГЭСтери Каскадынын балансында турган тиешелүү бөлүгүн шаардын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын мэри И.М.Еркеевдин Кара-Көл шаарындагы Серый көчөсүндөгү мурдагы №9 “Золотая рыбка” балдар бакчасынын имаратынын Токтогул ГЭСтери Каскадынынбалансында турган тиешелүү бөлүгүн шаардын муниципалдык менчигине өткөрүп алуу тууралуу сунушун жана Кара-Көл шаардык кеңешинин өндүрүш, курулуш, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгыпКара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз XХXVI сессиясы
Токтом кылат:
1. Токтогул ГЭСтери Каскадынын балансында турган Серый көчөсүндөгү мурдагы “Золотая рыбка” балдар бакчасынын имаратын шаардын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына акысыз, кайтарымсыз кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Аталган объектини шаардын муниципалдык менчигине кабыл алуу боюнча мыйзам чегинде тиешелүү иштерди жүргүзүү шаардык мэрияга(И.М.Еркеев), муниципалдык менчик башкармалыгына (М.Курамаев) жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу I вице-мэрге ( Э.Э.Бабаканов),Кара-Көл шаардык мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгына (М.Курамаев), ал эми контролдоо шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.О.Тайчабаров) жүктөлсүн.
Төрага | Н.Б.Кыргызалиев |
|